• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Камчыбек Ташиев дарылануу үчүн чет өлкөгө учуп кетти

Коом 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев дарылануу үчүн чет өлкөгө учуп кетти.

УКМКдан билдиришкендей, Ташиев кечээ, 28-апрелде учуп кеткен. Азырынча кайсы өлкөгө кеткени белгисиз.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айынын башында Камчыбек Ташиев Германияда жүрөгүнө операция жасатып келген.

Пикир

Оставить комментарий