• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Камчыбек Ташиев Hardcore FC чемпиону Самат Абдрахмановду кабыл алды — сүрөт

Коом 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Hardcore Fighting Championship муштум боюнча дүйнөнүн эң ири лигасынын чемпиону Самат Абдрахманов менен жолукту.

УКМКдан маалымдашкандай, жолугушууда ошондой эле мушкердин атасы Маматраим Абдрахманов да болду.

Ташиев Самат Абдрахмановду финалдык беттеште Лендруш Акопянды жеңиши, Hardcore FC чемпиондук курун утушу менен куттуктап, өзүнүн сөзүндө мындай жеңиштер бүткүл Кыргызстандын эли үчүн маанилүү экенин белгиледи.

“Дал ушундай жеңиштер Кыргызстанда спортту өнүктүрүп, жаштарыбызды өз жеринин чыныгы патриоту болууга үйрөтөт” - деди ал.

УКМК төрагасы бүтүндөй өлкө, жүз миңдеген жарандарыбыз Абдрахмановдун ийгиликтерине талыкпай көз салып, катуу колдоо көргөзүп жатканын белгиледи. Келечекте мындан да жогорку ийгиликтерге жетишерин, спорттогу жаркыраган жетишкендиктери бүткүл дүйнөгө көрсөтөрүүгө ишеним артты.

Өз кезегинде Самат Абдрахманов УКМК төрагасы Ташиевге жана жалпы кыргыз элине колдоо көрсөтүп, жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ал кайсы жерде болбосун, ага күч-кубат, жеңишке болгон ишенимди тартуулаган жердештеринин жылуу колдоосун дайыма сезип турарын белгиледи.

Эскерте кетсек, Самат “Кыргыз” Абдрахманов Россиянын Hardcore Fighting Championship мелдешинин финалында армениялык Лендруш Акопянды утуп, экинчи сезондун жеңүүчүсү болгон.

Пикир

Оставить комментарий