• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Камчыбек Ташиев: кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Кырсык 0


Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна келди, - деп билдирет президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, алгач президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен биргеликте Баткен облустук биргелешкен ооруканасында жаткан кыргыз-тажик чек ара тилкесинде болгон окуядан жабыркаган эки аскер кызматчынын абалынан кабар алды.

Ошондой эле Ташиев чек ара тилкесинде катталган окуя жана акыркы кырдаал боюнча маалымат берип, учурда абал туруктуу экендигин айтты.

"Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Булак-Башы жерлигинде абал туруктуу. Башка чек ара постторунда чек арачылар кызматын иш тартибинде өткөрүп жатышат. Тараптардын сүйлөшүүсү болду. Тартылган техникалар артка кайтарылды. Учурда кооптонууга негиз жок. Азыр башкы максат жоокерлердин өмүрүн сактап калуу", - деди Ташиев.

Белгилей кетсек, буга чейин КР УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз чек арачылары Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөө учурунда Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип кеткенин байкашканын билдирген. Кыргыз жоокерлеринин Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей ок чыгарган.

“Жыйынтыгында эки өлкөнүн чек ара кызматкерлеринин ортосунда атышуу чыгып, тажик тарап миномёт колдоно баштаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок. Кырдаалды турукташтыруу максатында окуя болгон жерге УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы К. Төлөнбаев жана Баткен чек ара отрядынын командири Р. Миршакиров жөнөп кетти”, - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин КР Чек ара кызматы Тажикстан чек арага оор техника каражаттарын тартып жаткандыгын кабарлаган.

“Тажик тарап аскердик оор техника каражаттарын чек арага тартууда. Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн бардык чаралар көрүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Болжол менен саат 14:15те ок атышуу токтоп, тараптар сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий