• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Камчыбек Ташиев Талас облусунун аксакалдары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 21.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-ноябрда КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Талас облусунун Кара-Буура, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунун аксакалдары менен жолугушту.

УКМКнын басма сөз кызматынан билдиргендей, бул жолугушуунун катышуучулары азыркы өкмөттүн жана жеке К.Ташиевдин ишмердүүлүгүнө карата жакшы пикирлерин айтышып, ошол эле учурда мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясатын толук колдой тургандыктарын белгилешти.

Өз кезегинде УКМК башчысы Ташиев Өзбекстан менен Кыргыз мамлекеттик чек араны 100% чечүү маселелерине, аскердик-техникалык потенциалды жогорулатуу жана экономикалык өсүш ж.б. өлкөдөгү болуп жаткан процесстердин негизги аспектилерине токтолду.

Пикир

Оставить комментарий