• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Камчыбек Ташиев Текебаевге кол салуу боюнча комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 02.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, Текебаевге кол салуу боюнча кылмыш иши козголгон.

“Ата Мекен” партиясынын лидерине кол салуу болгон эмес, ал кимдир бирөө менен урушуп кеткен. Бул боюнча Ички иштер министрлиги иликтеп жатат. Кол салууга шектелип бирөө кармалды жана бул иш аягына чейин тергелет”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 1-декабрда саат 15:30дар чамаларында ички иштер органдарына Park Hotel мейманканасынын жанында Ө.Текебаевдин денесине белгисиз адамдар залал келтиргендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факты Жазык кодексинин 201-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту, 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда ("Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо") каралган кылмыштын белгилери менен катталды.

Көп өтпөй Текебаевге кол салуу фактысы боюнча тергөө жана ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө шаардык криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун 1998-жылы туулган Э.Ы. аттуу тургуну кармалган. Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ошондой эле шектүү Ө. Текебаевге таандык уюлдук телефонду өз ыктыяры менен тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий