• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

«КАМЭК» клиникасы ээлеген имарат Бишкек мэриясынын балансына кайтарылды

Коом 0

Бишкек 15.04.22. /Кабар/. Бишкек мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаменти тарабынан Москва көчөсү №225 дарегиндеги муниципалдык имаратты бошотуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, имараттын аянты 532,5 чарчы метрди түзөт.

Белгилей кетсек, №2 төрөт үйүндө жайгашкан имаратта «КАМЭК» көп тармактуу клиникасы жайгашкан.

“Учурда мекеменин бейтаптары башка ооруканаларга которулуп, имарат бошотулуп, шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын балансына өткөрүү маселеси каралууда”, - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, буга чейин департамент Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик боюнча комиссиясынын чечимине ылайык, имаратты өз ыктыяры менен бошотуу боюнча тиешелүү билдирүү жөнөткөн. Бирок бул эскертүүнү «КАМЭК» ЖЧКсы этибарга алган эмес.

Пикир

Оставить комментарий