• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Камила Дүйшөбаеванын өлүмү: Иликтөөгө тоскоол болгон адам АКШда кармалды

Коом 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. Жаш студент Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнүн иликтенишине тоскоол болгон адам Америка Кошмо Штаттарында кармалды. Бул тууралуу Криминалдык милиция кызматынын жетекчиси Нурбек Абдиев ИИМдин коллегиясында билдирди.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ИИМдин коллегиясында Абдиевге Дүйшөбаеванын өлүмү качан ачылаарын жана бул эмнеге саясатташып кеткенин сурады.

Абдиев Камиланын иши боюнча бир нече версия иштелип жана тергөө уланып жатканын билдирди.

"Катардагы өлтүрүү болгон. Бул иш саясатташып кеткенинин өзүнүн себептери бар. Анда айрым чиновниктер массалык маалымат каражаттарында ар кандай билдирүүлөрдү жасап, анын айынан ал саясатташып кетти. Учурда Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнүн иликтенишине тоскоол болгон адам Америка Кошмо Штаттарында колго түшүрүлдү. Жакын арада ал Кыргызстанга алынып келет. Бизде топтолгон суроолорду берип, бул ишти ачабыз", - деди Абдиев.

Абылгазиев ИИМди убактысы менен иштин жүрүшү тууралуу кабарлап турууну өтүндү. Себеби коомчулукта бул иш ачылбайт деген пикир жаралып калган.

Эскерте кетсек, Камила Дүйшөбаева 2014-жылы 10-мартта киши колдуу болгон. Ал жоголгондон бир жума өтүп Байтик айылындагы көрүстөндөн табылган.

ММКларда саясатчылардын жана мекеменин ошол убактагы жетекчилеринин аттары аталгандыктан бул иш резонанс жараткан.

Пикир

Оставить комментарий