• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дүйшебаеванын иши: Башкы прокуратура АКШга Саляновду экстрадициялоо боюнча өтүнүч жөнөткөн эмес

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.02.19. /Кабар/. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Камила Дүйшебаеванын өлүмү боюнча күбө Калыбек Элтуйбасовду (мурдагы Салянов) экстрадициялоо боюнча өтүнүч АКШга жөнөтүлгөн деген билдирүүсүн төгүндөдү.

Белгилей кетсек, бүгүн маалымат жыйынында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов, ИИМ Башкы прокуратурага Элтуйбасовду экстрадициялоо боюнча өтүнүч жиберүүнү айтып кайрылганын жана көзөмөл органы алардын өтүнүчүн аткарганын билдирген.

"Кыргызстан менен АКШнын экстрадициялоо жөнүндө макулдашуусу жок болгондуктан жогоруда аталган жаранды экстрадициялоо боюнча өтүнүч АКШнын тийиштүү органдарына жиберилген эмес. ИИМ тарабынан К. Элтуйбасов боюнча экстрадиция тууралуу тийиштүү материалдар Башкы прокуратуранын дарегине келбегендигин белгилеп кетүү зарыл", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Калыбек Элтуйбасов Интерпол аркылуу издөөгө алынган. Ал Камила Дүйшебаеванын өлүмү боюнча иликтөөгө тоскоолдук кылган киши катары каралууда. К. Элтуйбасов - мурдагы Салянов (экс-прокурор Аида Салянованын бир тууганы) Камила Дүйшебаевга катыштуу видеотасмаларды өчүрүп салганы айтылып келет.

Пикир

Оставить комментарий