• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кампалардагы импорттук көмүрдүн баасы 4500 сомдон ашкан жок — Тайлаков

Экономика 0

Бишкек, 26.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кампалардагы импорттук көмүрдүн баасы 4 миң 500 сомдон ашкан жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков билдирди.

Анын айтымында, ишемби күнү өзү Бишкектеги көмүр саткан жерлерди кыдырып чыккан.

“Кечээ жумушчу топ менен биздин кызматкерлер дагы кыдырып чыкты. Бүгүнкү күндө көмүргө болгон баа салыштырмалуу төмөндөдү. Алсак, кампалардагы импорттук көмүрдүн баасы 4 миң 500 сомдон аша элек, ал эми жергиликтүү көмүр 5 миң 200, 5 миң 300 сомго чыгып кетиптир, азыр 4 миң 800 сомдун тегерегинде сатылууда. Бир жуманын ичинде анын баарын иретке келтиребиз”, - дейт ал.

Тайлаков Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги койгон талаптарга баш ийбеген көмүр саткан жайларга карата чара көрүлөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча көмүргө болгон муктаждык 3,19 млн тоннаны түзөт. Анын ичинен 1 млн 126 миң тонна көмүр калк үчүн, 1 млн 650 миң тонна көмүр Бишкек ЖЭБине керектелет.

Пикир

Оставить комментарий