• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Камсыздандыруу боюнча түзүлгөн келишимдердин саны бир жылда дээрлик 2 эсеге көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. 2021-жылы республиканын финансы секторунда 14 камсыздандыруу компаниялары ишмердигин жүргүзүштү, - деп билдирет Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, алардын кирешелери 2020-жылга салыштырмалуу 8,7% азайды жана 1,6 млрд. сомду түздү. Муну менен бирге, кирешелердин негизги көлөмү (анын жалпы суммасынын 79%) келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен алынды.

Камсыздандыруу компанияларынын чыгымдары бул мезгил ичинде 9,1% кыскарды жана 1,3 млрд. сомду түздү. Мында жалпы чыгымдардын суммасынын 35% ишти жүргүзүүгө кеткен чыгымдарга жана 30% ашыгы кайра камсыздандырууга берилген камсыздандыруу төгүмдөрүнө (сый акыларга) кеткен чыгымдарга туура келди.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 257 млн. сомго жакын сальдолоштурулган пайда алынды, бул 2020-жылга караганда 18,2 млн. сомго аз.

2020-жылы камсыздандыруу компаниялары тарабынан 266 миң камсыздандыруу келишими түзүлдү, бул 2020-жылга салыштырганда 1,7 эсеге көп. Мында түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын ичинен 88% жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келди. Ыктыярдуу камсыздандыруу үлүшүнө түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын дээрлик 70% туура келди.

Камсыздандыруу түрлөрү боюнча түзүлгөн келишимдердин саны

Нет описания.

Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруунун суммасы 2020-жылга салыштырмалуу 45% көбөйүү менен 2021-жылдын аягына карата 967 млрд. сомдон ашык түздү. Жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу жана жеке туризм камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу суммасынын эң көп көбөйүшү белгиленди.

2021-жылы камсыздандыруу төгүмдөр 1,3 млрд. сомдо келип түшкөн, бул 2020-жылга караганда 4% аз.

2021-жылдын ичинде 8 миң бирдиктен ашык камсыздандыруу учурлар байкалды, алардын ичинен 66% ыктыярдуу жеке медициналык камсыздандырууга туура келди. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы суммасында 57% - ыктыярдуу мүлктүк камсыздандырууга жана 24% - жеке медициналык камсыздандырууга туура келди.

Пикир

Оставить комментарий