• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетту салык органдарынын электрондук почталары аркылуу берүүгө болот

Экономика 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр аймактык салык органдарынын электрондук почталары аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторун (мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча эсептешүү ведомостун) бере алат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, муну буга чейин отчетту баруу тартибинде берип келгендер гана кыла алышат.

Салык органдарынын ишинин бул сыяктуу электрондук форматы камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр менен аралыктан өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, ошондой эле өлкөдө коронавирустук инфекция жайылып жаткан учурда жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо боюнча чараларды көрүү максатында киргизилген.

Отчетту Салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтындагы электрондук калькулятор аркылуу («Электрондук сервистер” бөлүмү, андан ары "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептешүү ведомостун толтуруу боюнча жардамчыны" басабыз) толтуруу жана салык органынын электрондук почтасы аркылуу XML форматында гана жөнөтүү зарыл.

Электрондук калькулятор эсептөө ведомостторун электрондук формада толтуруу процессин жеңилдетет. Бул үчүн иш берүүчүнүн ИСНин, жалданма жумушчунун ЖИН, эмгек акы төлөө фондун киргизип, төлөөчүнүн категориясын тандоо жетиштүү. Андан кийин калькулятор калган бардык тилкени автоматтык түрдө толтуруп, керектүү эсептөөлөрдү жүргузүп, жыйынтыктарын жылдырат.

Салык органынын кызматкери 3 жумуш күнүнөн кечиктирбей камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүгө кабыл алынгандыгы тууралуу же каталарды четтетүү жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча оңдоп-түзөлүүчү маалыматтарды андан ары берүү үчүн төлөөчүнүн электрондук почтасына табылган каталар жөнүндө маалымдайт.

Отчетту кабыл алуунун статусу жөнүндө аймактык салык органынын электрондук почтасынын расмий дарегинен кайра билдирүү келгенде гана отчет кабыл алынган болуп эсептелет.

Электрондук санариптик кол тамга аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчет берүүчү төлөөчүлөр электрондук операторлор аркылуу (UBR, DOSTEK ж.б.) аны мурдагы тартипте беришет.

Салык органдарынын электрондук даректеринин тизмеси Салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтындагы "Электрондук кайрылуу" бөлүмүндө жеткиликтүү.

Пикир

Оставить комментарий