• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө үчүн алыш-бериш эсептеринин тизмеси жарыяланды

Экономика 0

Бишкек, 15.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын сайтына мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө үчүн “Айыл банк” ААКнын алыш-бериш эсептери тууралуу маалымат жарыяланды.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө ыңгайлуулук үчүн алыш-бериш эсептеринин тизмесине ар бир аймактык салык органдарынын аталышы кошумча киргизилди. Мындан тышкары, тизмеде Салык кызматынын Бишкек шаарынын ЭЭА субъекттерин контролдоо башкармалыгы, Бишкек шаары жана Чүй облусу, ошондой эле, Ош шаары жана Ош облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыктары тарабынан башкарылуучу төлөөчүлөр үчүн кошумча алыш-бериш эсептери каралды.

Төлөөчүлөр камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө учурунда аларды туура чегерүү үчүн алыш-бериш эсебинин тийиштүү маалымдаректерин көрсөтүүлөрү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий