• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Камсыздандыруу төгүмдөрүн убагында төлөбөй калгандар үчүн туум жана айып санкцияларын токтотуу жагы каралууда - Ирсалиев

Экономика 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында өлкөдөгү азыркы кырдаалдын шарттарында Фонд тарабынан жүргүзүл жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, күн мурун президент айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү, анын ичинде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду. Анда камсыздандыруу төгүмдөрүн убагында төлөбөй калгандар үчүн туум жана айыптык санкцияларды токтотуу жагы каралган.

“Бул мөөнөт өкмөт тарабынан аныкталат. Азыркы убакта өкмөт тарабынан токтомдор даярдалууда. Ошондой эле жеке ишкерлер дагы камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат. Алардын мөөнөтү жана тартиби дагы өкмөт тарабынан аныкталат” , - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий