• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча план 2021-жылдын 9 айында 674,7 млн сомго ашык аткарылган

Экономика 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын 9 айында 27 924,7 млн сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылган, бул белгиленген пландан 674,7 млн сомго көп же өсүү ыргагы 102,1%ды түзгөн. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 4450,6 млн сомго көп жыйналган же өсүү ыргагы 119,0%ды түздү.

Анын ичинде сентябрь айында камсыздандыруу төгүмдөрү 3 194,6 млн сом суммасында түшүп, 44,6 млн сомго көп болгон, болжолдуу көрсөткүчтөр 101,4% га аткарылды.

Мындан тышкары, быйылкы жылдын 9 айында камсыздандыруу полистери боюнча жыйым 654,4 млн сом суммасында алдын ала камсыздалган, бул болжолдон 11,8 млн сомго көп, аткаруу 101,8% түзгөн. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү ыргагы 147,0% ды түзүп, 209,2 млн сомго көп болгон.

Пикир

Оставить комментарий