• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кан басымды түшүрүүнүн эң жөнөкөй 8 ыкмасы айтылды

Дүр дүйнө 0

Швециялык дарыгер Матс Халльдин кан басымды түшүрүүнүн эң жөнөкөй сегиз ыкмасын атады.

Ал бул көрсөткүчтүн жогорку чеги 140/90 миллиметр болушу керектигин, ал эми жаштарда жана ден соолугу чыңдарда болгон 120/80 идеалдуу болорун эскертти. Эгер кан басымдын көрсөткүчү 140-160/90-100дүн тегерегинде болсо, анда аны түшүрүү чараларын көрүү зарыл. Жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча коркунучтуу топтогу гипертония менен ооруган адамга дары-дармек терапиясы жазылышы мүмкүн.

Халльдин бул эң маанилүү көрсөткүчтү инсульт, инфаркт, жүрөк жетишсиздиги, деменция жана башка оорулардын алдын алуу үчүн нормага келтириш керектигин түшүндүрдү.

  1. Орточо көнүгүү же күнүгө бир-бир жарым саат басуу гипертониянын өнүгүү коркунучун азайтат. Кыймылдуу активдүүлүктү кыска бөлүктөргө бөлүүгө болот: күнүнө он мүнөттөн 3 ирет басуу. Эгер мүмкүнчүлүк болсо лифттин ордуна тепкич менен чыгуу, жакшысы биринчи вариантты тандаган оң.
  2. Телефонуңуздагы же фитнез билеригиңиздеги кадам эсептегич көнүгүүнүн интенсивдүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн көзөмөлдөөгө жардам берет. Күнүнө он миң кадам – ден соолукка абдан пайдалуу.
  3. Стресс кан басымга терс таасир этет. Эс алууну жана стресстен арылууну билүү керек.
  4. Кээде күндүз ашыкча тынчсызданууну болтурбоо үчүн телефон, компьютер жана телевизорду өчүрүп коюу сунушталат.
  5. 7 сааттык тынч уйку дагы кан басымды турукташтырууга жөндөмдүү.
  6. Тамактануу туруктуу болуш керек, бирок ашыкча эмес. Ашыкча салмак менен гимертониянын ортосунда байланыш бар. Жей турган тамак-аштын бир бөлүгүн чектеген жакшы. Эң жакшысы жерортолук деңизинин диетасын кармануу максатка ылайыктуу: зайтун майын, буурчак менен жасмык (чечевица), балык, моллюскаларды жана мөмө-жемиштерди колдонуу. Муну менен катар жогорку майлуулуктагы колбаса менен сүт азыктарында кездешүүчү жарым фабрикаттарды жана каныккан майларды колдонууну чектөө зарыл. Тамакты тузу кем ичиш керек, анткени бул бөйрөктүн иштешине таасир этет, а бул өз кезегинде кан басымды көтөрөт.
  7. Тамеки чегүүдөн баш тартуу керек. Ал жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучун көбөйтөт.
  8. Алкогол ичимдиктери дагы кан басымга терс таасир этет, ошондуктан аны ашыкча колдонуудан баш тартуу зарыл.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий