• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте “Кан басымыңды бил” акциясы өттү

Коом 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. Бишкекте “Кан басымыңды бил” акциясы өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, №6 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери каалоочуларды текшерип, оорунун алдын алуу боюнча кеңештерин беришти. Иш-чаранын алкагында “Бишкексууканал” башкармалыгынын кызматкерлери өздөрүнүн кан басымын билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Акциянын максаты - калктын гипертониялык оорулардын өтүшүп кетишинин алдын алуу жана тобокелдик факторлору боюнча маалымдуулугун жана билимин жогорулатуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий