• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кан тапшыруу акциясынын алкагында КРда миңден ашуун донор кан тапшырды

Коом 0

Бишкек, 28.09.18 /Кабар/. 24нөн 28-сентябрга чейин Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында “Кан тапшырып, жашоо тартуула” аттуу акция өттү. Иш-чара Кыргызстандын улуттук кан донорунун күнүнө арналган. Ал жыл сайын сентябрдын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.

Акция Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы республикалык кан борбору тарабынан Кызыл жарым ай улуттук коому менен биргеликте уюштурулган.

Республикалык кан борборунун директорунун орун басары Айганыш Сатыбалдиеванын айтымында, иш-чара донордук кыймылды өнүктүрүү, кан донорлорунун баркын көтөрүү, жаштарды гуманизмдин салттарына жана бири-бирине кылдаттык менен мамиле жасоого тарбиялоо максатында уюштурулган.

“Бишкек шаарынын жашоочулары акцияга активдүү катышышты. Кан тапшырууну каалагандар көп болду. Бирок ден соолугунун абалына байланыштуу бере албай калгандар болду. Мындай акциялар бул күндөрү республиканын бардык аймактарында өткөрүлдү. Ушул жуманын ичинде миңден ашуун донор кан тапшырды. Донорлорго ыраазычылык билдиргим келет. Ошондой эле Кызыл жарым ай улуттук коомуна акцияны уюштурууга берген жардамы үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, - деди Айганыш Сатыбалдиева.

Пикир

Оставить комментарий