• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Канада Эр-Рияд менен ири аскерий келишимди үзүшү мүмкүн

Дүйнө 0

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. Канада журналист Жамаль Хашоггинин өлүмүнө жооп чара катары Сауд Арабиясы менен ири аскерий келишимди үзүүнү караштырууда. Бул тууралуу Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо билдирди.

Анын айтымында, келишимди үзүүдөн кийин төлөнчү үстөк айыптын көлөмү миллиар канада долларына жетиши мүмкүн.

Канаданын Саудияга аскерий техника сатуусун караган келишимге 2014-жылы кол коюлуп, акчалай наркы 13 миллиард долларга жакын болгон. Ага ылайык, Канада Эр-Риядга LAV 700 үлгүсүндөгү 900дөн ашык брондуу аскерий унаа сатмак. Сентябрда саудиялыктардын демилгеси менен курал-жарактын саны кыскартылган.

Өткөн айдын аягында Канада журналист Хашоггинин өлүмүнө байланыштуу Сауд Арабиясынын 17 жаранына каршы санкция киргизген. Расмий Оттава бул кылмышты "адамдардын көз карашын билдирүү эркиндигине абийирсиздик менен кол салуу" деп баалаган.

"The Washington Post" гезити менен кызматташып, акыркы жылдары Саудиядагы монархиялык режимди сындап жүргөн Хашогги быйыл октябрдын башында бул өлкөнүн Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөн.

14-декабрда АКШнын Сенаты Сауд Арабиясындагы тактынын мураскери, ханзаада Мухаммед бин Салман Хашоггини өлтүрүүнү уюштуруу үчүн күнөөлүү деп табылган резолюция кабыл алган. Расмий Эр-Рияд буга нааразы болуп, "АКШнын мыйзамгерлери кабыл алган документ негизсиз ырастоолорго таянган" деген билдирүү тараткан.

Пикир

Оставить комментарий