• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Канадада ага-ини 10 кишини өлтүрүп, 15 жаранды жарадар кылган

Дүйнө 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Канадада ага-ини 10 кишини бычактап өлтүрүп, 15 жаранды жарадар кылган. Бул тууралуу Лента.ру. CBC News`ка шилтеме менен билдирди.

“Кол салуу индиялыктардын Жеймс Смит Кри-Нейшн (James Smith Сree Nation) резервациясында, ошондой эле Уэлдон кыштагында болгон. Курмандыктар мындан дагы көп болушу мүмкүн экендиги айтылды”, - деп айтылат билдирүүдө.

Шектүүлөрдүн өздүгү аныкталды. Алар 31 жаштагы Дэмиен Сандерс жана 30 жаштагы Майлз Сандерс болгон. Учурда шектүүлөргө издөө жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий