• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Канадада акыркы жумада аптаптан улам 500гө жакын адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. Канадада акыркы жумада аптаптан улам 500гө жакын адам каза болду. Бул кадимки шартка салыштырганда 195 пайызга көп. Бийлик өлгөндөрдүн саны дагы өсүшү мүмкүн экенин эскертүүдө.

Ванкувер шаарында эле жума күнү ысыктан улам 130 адам дүйнө салды. Алардын көпчүлүгү улгайган жана өнөкөт оорусу барлар.

Аймактагы аба ырайы кескин ысып, Литтон шаарчасында өткөн шейшемби күнү 49.5 градуска жетти. Мындан улам көптөгөн мекемелер, мектеп, бала бакчалар жабылды. Жергиликтүү бийлик убактылуу оргумаларды ишке киргизди. Атайын салкындатчу жайлар ачылып жатат.

Аптап АКШнын Түндүк-Чыгыш жээгинде да катталып, абанын табы 46 градуска чейин жетти.

Пикир

Оставить комментарий