• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Канадада сот Huawei компаниясынын каржы директорун $7,5 млн күрөө менен бошотту

Дүйнө 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Канадада сот Huawei компаниясынын негиздөөчүсүнүн кызы Мэн Ваньчжоуну жети жарым миллион доллар күрөө менен бошотту.

Ал электрондук билерик тагынууга, паспортун өткөрүүгө жана үйүндө кечки 11ден таңкы 6га чейин болууга милдеттүү. Чечим үч күндүк соттук угуулардан кийин Канаданын Британ Колумбиясы провинциясында чыгарылды. Бул тууралуу Reuters кабарлады.

Ванчжоу Мэн Ванкуверде 1-декабрда камакка алынган, бирок бул тууралуу 6-декабрда гана белгилүү болгон. Ага "АКШнын Иранга каршы санкцияларын бузган" деген айып коюлган.

​Huawei – телекоммуникациялык жабдууларды жана мобилдүү телефондорду чыгарган дүйнөдөгү ири компания. Вашингтон бул компания Кытай бийлигинин пайдасына жашыруун тыңчылык кылат деп шек санайт. Жакында Кошмо Штаттардын администрациясы дүйнө боюнча өнөктөш өлкөлөрдү Кытайдын "Huawei" телекоммуникациялык компаниясынын жабдууларын колдонууну токтотууга чакырган.

Пикир

Оставить комментарий