• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Канадада жүргүнчүлүк учак кыйрады

Дүйнө 0

Бишкек, 14.14.17. /Кабар/. West Wind Aviation авиакомпаниясынын “ATR-42” учагы кыйроого учурады. Учактын ичинде 22 жүргүнчү жана үч экипаж мүчөсү болгон. Окуя Канаданын Саскачеван провинциясындагы калк жашаган Фонд-дю-Лак жайында болгон,-деп билдирет CBC полицияга шилтеме берүү менен.

Кырсык Фонд-дю-Лак аэропортунан учак учуп кеткенден кийин жүз берген. Укук коргоо органдардын маалыматы боюнча, бир нече адам жаракат алды, ал эми каза болгондор тууралуу маалымат жок.

Учурда окуя болгон жерде куткаруучулар иш алып барышууда. Алар учактын ичиндегилерге көмөк көрсөтүшүүдө,-деп кабарлайт Globe and Mail гезити.

Канаданын унаа министрлиги окуя тууралуу иликтөөнү баштады.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий