• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Канададан келген кыргызстандыктан коронавируска анализ алынды - Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бшкек, 14.03.20. /Кабар/. Канададан келген кыргызстандыктан коронавируска анализ алынды, учурда ал ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 13-мартта Республикалык штабга Канада-Стамбул-Бишкек рейси боюнча 6-мартта Торонтодон (Канада) эл аралык конференцияга катышкан КРнын А.А., аттуу жараны келгендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн.

"Келген жаранга уюштуруучулар телефон аркылуу чалып, Торонто штатында конференцияга катышкандар арасында коронавирус илдети аныкталгандыгы тууралуу билдиришкен", - деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын аракеттеринин алгоритмине ылайык, дарыгерлер кыргызстандык жаран жашаган жерге барышкан.

"Учурда А.А., атуу кыргыз жараны Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасына жаткырылды. Абалы канааттандырарлык. Тиешелүү анализдер алынды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий