• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Канаданын футболчулары 34 жыл аралыгында биринчи жолу АКШнын командасын жеңди

Спорт 0

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. Футбол боюнча Канаданын курамасы 34 жыл аралыгында биринчи жолу АКШнын командасын жеңди. Бул тууралуу Р-спорт басылмасы билдирет.

КОНКАКАФ конфедерациясынын Улуттар лигасындагы А тайпасында орун алган эки команданын оюну 2:0 эсебинде Канаданын пайдасына жыйынтыкталды. Беттеште канадалык оюнчулар Алфонсо Дэвис жана Лукас Каваллини гол киргизишти.

Канаданын футболчулары 1985-жылдын апрель айынан бери АКШнын командасына утулуп келе жаткан чынжырды үзүп, аларды жеңип алды.

Белгилей кетсек, Улуттар лигасы 2018-жылдан бери Америка континентиндеги 40 команда арасында өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий