• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Канаданын премьер-министри 18 жыл илгерки сүрөтү үчүн кечирим сурады

Дүйнө 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо 18 жыл мурунку сүрөтүнө байланыштуу коомчулуктан кечирим сурады. Менчик мектептеги кечелердин биринде тартылган сүрөткө болочок премьер башына чалма чалып, бетин күрөңгө боёп алып түшкөн.

Бул сүрөттү АКШдагы «Тайм» журналы басып чыгарды. Трюдо сүрөткө байланыштуу комментарий берип жатып, 2001-жылы Ванкувердеги академияда окутуучу болуп иштеп жатканда «Араб түндөрү» деген кечеге «Алладин» аттуу жомок каарманынын кийимин кийип барганын айтты.

- Бул ката болгон. Андай кылбашым керек эле. Ал үчүн абдан өкүнөм. Ооба, терең кечирим сураймын. Өзүмдүн кылыгым үчүн уялам жана чын жүрөгүмөн кечирим сурайм, - деди Трюдо.

Канадада бир айдан кийин парламенттик шайлоо өтөт. Трюдонун жаш кезиндеги бул кылыгын «расисттик» деп сындагандар чыкты жана анын кайра шайлануусуна чоң көлөкө түшүрдү.

Trudeau apologises for 2001 'brownface' photo Канаданын Консервативдүү партиясынын лидери Эндрю Шир 18-сентябрда «андай жорукка барган премьер өлкөнү жетектөөгө татыксыз» деп билдирди.

Жастин Трюдо 2015-жылы ноябрда премьер-министр болуп дайындалган. Анын либералдуу партиясы бийликке келгенде өлкөдөгү гендердик теңдикке, айлана-чөйрө маселелерине айрыкча көңүл бурууга убада берген.

Пикир

Оставить комментарий