• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Канат Исаев 23-декабрга чейин камакта калтырылды

Коом 0

Бишкек, 21.11.22. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Канат Исаевди үстүбүздөгү жылдын 23-декабрына чейин камакта калтырды. Тиешелүү чечим бүгүн райондук сотто кабыл алынды.

Эске салсак, Канат Исаев 2017-жылдагы президенттик шайлоо учурунда массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп айыпталууда.

Канат Исаев 2017-жылдын 30-сентябрында Кылмыш жаза кодексинин 27 (кылмышка даярдык көрүү), 233 (массалык башаламандык) жана (бийликти басып алуу же күчтөп кармап туруу) беренелери боюнча айып тагылып кармалган. Ал эми ошол эле жылдын октябрында Исаевге карата камакка алуу башка коргоо чарасы тандалган. 2018-жылдын 8-июлунда Бишкек шаардык соту Канат Исаевди үй камагына чыгарган.

2022-жылдын 23-октябрында сот Исаевге карата 2018-жылдын октябрында кабыл алынган баш коргоо чарасын өзгөртүп, 2022-жылдын 23-ноябрына чейин УКМКнын Тергөө изоляторуна камакка алуу чечимин чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий