• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Канат Исаев үй камагына чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 18.07.18. /Кабар/. Канат Исаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине анын жактоочусу Сергей Слесарёв билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Бишкек шаардык сотунда отурумдун жүрүшүндө жактоочу Бакыт Осмоналиевдин арызы канааттандырылып, үй камагына чыгаруу чечими кабыл алынган. Исаев сот залынан бошотулган.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура 2017-жылдын 30-сентябрында "массалык баш аламандык" жана "бийликти күч менен басып алууга даярдануу" беренелери боюнча Канат Исаевге кылмыш ишин козгоп, ал кармалган. Аны менен бирге уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү дагы кармалган.

Пикир

Оставить комментарий