• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Исаев Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетүүдө. Ал президенттик шайлоого катышат

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. Канат Исаев Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетүүдө. Бул тууралуу “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында Исаев өзү билдирди.

Исаев депутаттардын алдында сүйлөп жатып буга чейин Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кеткенден кийин, анын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңештин төрагасы катары ага өткөнүн, бирок ал президенттин милдетин аткаруудан баш тартканын, ага байланыштуу президенттин ыйгарым укуктары өкмөт башчы Садыр Жапаровго өткөнүн эске салды.

“Бирок Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышам деп расмий билдирүү жасады. Президенттик шайлоого аттана турган болсо, ал президенттин милдеттерин аткара албайт. Ошондуктан ал президенттин ыйгарым укуктарын кайра Жогорку Кеңештин төрагасына өткөрүп бериши керек болот. Кечээ күнү биздин партиялаштар мени президенттикке талапкер катары көрсөтүштү. Ага байланыштуу мен дагы президенттин милдеттерин аткара албайм”, - деп, ал Жогорку Кеңештин төргалыгынан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий