• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Канат Исаев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кенештин кезексиз жыйынында Канат Исаев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды.

Төраганы шайлоо үчүн жашыруун шайлоо уюштурулуп, шайлоого 80 депутат катышкан (айрымдары ишеним кат аркылуу). Канат Исаевдин талапкерлигине 78 депутат "макул", 2 депутат "каршы" деп добуш берген.

Канат Исаев Жогорку Кеңештин төрагалыгына жалгыз талапкер болду.

Эскерте кетсек, Жогорку Кенештин бүгүнкү кезексиз жыйынында депутаттар президенттин Бишкектин аймагында өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыгын бекитүү маселесин карап, жарлыкты бекитип берди. Бишкекте өзгөчө абал президенттин жарлыгы менен 12-октябрь саат 20:00дөн тартып 19-октябрь саат 08:00гө чейин экинчи ирет киргизилген.

Шаарда коменданттык саат кечки 22:00дөн таңкы саат 05:00гө чейин деп белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий