• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Канат Шабданбаев Ош облусунун спорттук объектилери менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 09.04.22. /Кабар/. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаменттин директору Канат Шабданбаев жана анын орун басары Самат Токтоналиев Ош облусундагы спорттук базалардын материалдык-техникалык абалы менен таанышты. Бул тууралуу аталган департаменттин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында “Төлөйкөн” ат майданы жана балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептери менен жеринен таанышып, машыктыруучуларга жана мугалимдерге мектеп лигасы, эмгек акы жана квалификациясын жогорулатуу боюнча жыйын өттү.

Ошондой эле спорттук объектилерге капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүп, спорттук инвентарь менен камсыз кылынары айтылды.

Пикир

Оставить комментарий