• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Канатбек Маматов Футбол федерациясынын президенти болуп шайланды

Спорт 0

Бишкек, 09.02.19. /Кабар/. Канатбек Маматов КР Футбол федерациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу федерациянын расмий сайтында маалымдалат.

Бүгүн, 9-февралда КР ФФда кезексиз жыйын болгон. Күн тартибинде Футбол федерациясынын жетекчиси Семетей Султановдун кызматтан кетүүсү кабыл алынып, ордуна жалгыз талапкер Канатбек Маматов шайланган.

Мамытов 4 жылдык мөөнөткө шайланды.

Эске сала кетсек, Футбол федерациясынын мурдагы жетекчиси Семетей Султанов 10-январда өз каалоосу менен кызматтан кетүү чечимин кабыл алгандыгын билдирген болчу.

Пикир

Оставить комментарий