• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кандай оору менен жабыркагандар коронавирустун оор түрүнө кабылышат? Дарыгердин жообу

COVID - 19 0

Бишкек,20.09.21. /Кабар/. Өпкөнүн өнөкөт оорулары, кант диабети, жүрөк-кан тамыр оорулары жана башка бир катар оорулары бар адамдар коронавирустук инфекциянын оор түрүн башынан өткөрөт. Эмдөөдөн келип чыккан кесепеттерге караганда инфекция болгондо аларда татаалдашуу коркунучу жогору болот. Бул тууралуу брифинг учурунда КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин штаттан тышкары башкы неврологу, Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнүн бөлүм башчысы Жамал Тургунбаев билдирди.

Анын айтымында, Американын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору коронавируска каршы вакцина өзүнүн тизмесине кошуп, өнөкөт оорулары бар адамдар биринчи даражадагы приоритет деп эсептешти. "Башкача айтканда, алар вакцинага муктаж жана биринчи кезекте берилиши керек. Эгерде азыр вакцинаны колдонууга катуу каршы көрсөтмөлөр жок болсо, эмдөөдөн өтө алышат", - деди дарыгер.

Ал белгилегендей, керек болгон учурда дарыгерден гана уруксаты менен эмделет. «Вакцинация жөнүндө көптөгөн суроолор склероз (унутчаактык) менен ооруган адамдардан келет. Бүгүнкү күндө бул оору менен ооругандар эмдөөдөн өтө алышат. Склероз менен ооруган бейтаптар үчүн атайын клиникалык көрсөтмөлөр иштелип чыккан жана эмдөө мезгилинде терапияны токтотуунун кажети жок», - деп кошумчалады Жамал Тургунбаев.

Пикир

Оставить комментарий