• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Канн кинофестивалын июнь-июль айларына жылдыруу пландалууда

Маданият 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Коронавирустан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Канн эл аралык кинофестивалынын дирекциясы фестивалды июнь айынын этегине июль айынын башына жылдырууну пландап жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Фестиваль 12-23-майда болуп өтмөк.

"Биз коронавирус менен күрөшүп жаткандардын баарына тилектештигибизди билдиребиз", - деп, дирекция фестивалды белгиленген күндөрү өткөрүүгө мүмкүн эместигин билдирет.

"Бир нече вариант каралып жатат. Ал өтүшү үчүн башкы вариант катары анын мөөнөтүн июнь айынын аягына июль айынын башына жылдыруу каралууда", - деп билдирет кинофестивалдын дирекциясы.

Пикир

Оставить комментарий