• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Кант” авиабазасы россиялык аскер кызматкери Чүйдө эне-баланы сүзүп кеткенин тастыктады

Коом 0

Бишкек, 28.08.18 /Кабар/. Россиялык авиабазанын Кант шаарындагы аскер кызматкери Чүй облусунда эне-баланы сүзүп кеткен. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине “Кант” авиабазасынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

“Учурда биз болгон окуяга байланыштуу расмий кайрылуу даярдап жатабыз. Ал биздин кызматкерибиз экендигин тастыктайбыз”, - дешти басма сөз кызматынан.

Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, Лебединовка айылында 27-августка караган түнү Россиянын мамлекеттик номери менен Hyundai үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу баласы менен аялды сүзүп кеткен. Апасы көз жумган, кызы ооруканада.

Пикир

Оставить комментарий