• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кант авиабазасы же болбосо анын жер тилкеси сатылбайт - парламенттин комитет төрагасы

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Кант авиабазасы же болбосо анын жер тилкеси сатылбайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, комитет төрагасы Исхак Пирматов билдирди.

Анын айтымында, "Кант" авиабазасы же болбосо анын жер тилкеси сатылганы жатыптыр деген кептер чындыкка дал келбейт. “Андай эмес! Ишенбеңиздер. Бардык документтер, кагаздар ачык, бардык сайттарда жайгаштырылган. Ошол жерден бир карыш жер тилкеси же болбосо базанын территориясынын менчикке өткөрүлүп берилип жаткандыгы жөнүндө бир сөз табылса, анда өзүм кыйкырып, сап башында турмакмын! Бир нерсеге ишенерден мурун расмий кагазын, жазуусун окуп коюуңуздарды өтүнөт элем” ,- дейт Пирматов.

Комитет төрагасы кошумчалагандай, кеп учак учуп конуучу сызык (ВПП - взлётно посадочная полоса) жаңылангандан кийин бетон плиталарынын менчик болуусу жөнүндө гана жүрүүдө. “Бирок, ал дагы келишимдин мөөнөтү бүтөрү менен Кыргызстанга өтөт. Анын астындагы жер же болбосо башка жер тилкеси жөнүндө бир да сөз жок, болушу дагы мүмкүн эмес! Биз анчалык эле сабатсыз эмеспиз, бир чечим кабыл аларда тиешелүү документтерди окуйбуз. Анан дагы, эч кайсы кызмат орун жана бүткүл дүйнөнүн байлыгы - мекендин бир карыш жерине татыбайт жана биз үчүн азгырык боло албайт", - деп баса белгиледи ал.

Ошондой эле Пирматов билдиргендей, бул маселе кийинки жумада комитеттин жыйынында каралат.

Пикир

Оставить комментарий