• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Кант" авиабазасынын аскер кызматкери каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. Жамааттык коопсуздук келиши уюмунун (ЖККУ) "Кант" авиабазасынын аскер кызматкери каза болду. Аталган маалыматты “Кабар” агенттигине Чүй облустук ИИБнин башчысы Самат Курманкулов тастыктады.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, 15-декабрда болжол менен саат 16:38дер чамасында Ысык-Ата ОИБне үйлөрдүн биринде адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

"Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барган. Маркумдун өздүгү такталып, ал Россиянын 39 жаштагы Ш.В., аттуу жараны болуп чыккан. Бардык тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Алдын ала версияга караганда, келишимдик негиздеги аскер кызматкери этил спиртинен ууланып каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий