• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кант диабети жана жүрөк-кан тамыр оорулары барлар коронавирусту оор өткөрүшү мүмкүн — эндокринолог

COVID - 19 0

Бишкек, 01.07.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кант диабети жана жүрөк-кан тамыр оорулары бар жарандар коронавирусту оор өткөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын башкы штаттан тышкаркы эндокринологу Назгүл Абылова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, кант диабети, өнөкөт оорулар менен ооругандар биринчи кезекте санитардык талаптарды сактоосу абзел.

“Бул топтогу адамдар кан басымын тез-тез текшерип туруу, өзүнүн дарыгери менен дайым байланышта болуусу керек. Кант диабети жана жүрөк-кан тамыр оорулары бар жарандар коронавирусту оор өткөрүшү мүмкүн. Андыктан дене табыңыз көтөрүлсө, жөтөл, алсыздык жана башка оорунун белгилери байкалса үй-бүлөлүк дарыгерди үйгө чакырып, анын кеңештерин туура аткаруу сунушталат. Зарыл жумуштарыңыз жок болгон учурда эл көп чогулган жерге барбоо керек”, - дейт ал.

Абылова адис катары жарандарды сөзсүз түрдө вакцина алууга чакырып кетти.

“Эмдөөдөн өтүү – профилактиканын эң биринчи туура баскычы. Эгер кайра ооруп калсаңыз дагы оору жеңил түрдө өтөт. Азыр сыркоолоп жаткасаңыз вакцина албай туруңуз”, - деп белгиледи ал.

Эндокринолог вакцина алгандар 6 айдан кийин кайра эмдөөдөн өтсө болорун кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий