• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кант-Ивановка тилкесинин 3,5 чакырымына темир-бетон шпалдары орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн “”Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы тарабынан рельстерде бир катар ар кандай оңдоо иштери мерчемделип, жүргүзүлүп келет. Бул тууралуу аталган ишкананын жол чарба филиалынын жетекчиси Нурбек Куралиев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы темир жолдо күчөтүлгөн оңдоо иштери жүргүзүлүп, Кант-Ивановка тилкесинин 3811 чарчы метр, 3817 чарчы метр, 3818 чарчы метр, 3819 чарчы метр фоссло бекиткичтери менен эскилиги жеткен жыгач шпалдар темир-бетон шпалдарына алмаштырылган. Аткарылган жумуш 3,5 чм аралыкты камтыган.

Эске салсак, 2021-жылы “Кыргыз темир жолу” ишканасы өз каражатынын эсебинен 20 миң даана темир-бетон шпалдарын сатып алган.

Маалымат үчүн:

Жолдун үстүнкү конструкциясын жаңылоонун алкагында фоссло бекиткичтери менен темир-бетон шпалдарын төшөө менен темир жолду оңдоонун жаңы ыкмалары киргизилген. Бул чечим жол инфраструктурасын иштетүү убактысын көбөйтүүгө жана темир жол транспортунун коопсуздугун жогорулатууга мүмкүндүк берди.

Пикир

Оставить комментарий