• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кант кызылчасынын калдыгынан этанол даярдоо сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети «Биоотун жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы кабарлайт.

Демилгечи – Өкмөт.

Айыл чарба министринин орун басары Амангелди Исаев Кыргызстанда «Кайыңды кант» жана «Кошой» заводдору кант өндүрө турганын, анын калдыгы патока болуп саналарын эске салды. «Кара-Балта спирт заводу патоканы кайра иштетүүнү пландаштырууда. Анын калдыгынан этанол даярдаса болот», - деди ал.

Депутат Мирлан Бакиров биоотун чыгарылса, күйүүчү майдын наркы канчага арзандай турганына кызыкты.

«Азыркы учурда бензиндин баасы 40 сом. Эгерде ага этанол кошсок, анын наркы 3 сомго төмөндөйт, бензиндин күйүүсү да жакшырып, экологиялык жактан кыйла тазарат», - деди баяндамачы.

Андан тышкары, ушу тапта күйүүчү майдын суткалык керектөө көлөмү 1,5 млн литрди түзө турганы белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий