• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кант шаарында турак үй толугу менен күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Кант шаарында турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 5-майда саат 20:41 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарында турак үйдө өрт чыккан.

Өрттүн натыйжасында 110 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий