• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кант заводдорун модернизациялоо 100 миңден ашык иш орундарын түзөт - Асрандиев

Экономика 0

Бишкек, 13.09.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Чүй облусундагы эки кант заводун жаңылоо 100 миңден ашык адамды иш менен камсыздайт.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруу мүчөсү Эркин Асрандиев билдиргендей, бул көрсөткүч кант кызылчасын кайра иштетүүнүн көлөмүнүн өсүшү менен жетишилди.

“Өткөн жылы РКӨФ эки кант заводуна жалпы суммасы 15,5 млн доллар насыя берүүнү колдогон. Анын 5,5 млн доллары Кайыңды заводуна жана 10 млн доллары “Кошой” заводуна бөлүнгөн. Бул эки кант заводун каржылоо 100 миңден ашык адамды иш менен камсыздоого шарт түзөт. Бул кант кызылчасын өстүргөн, аны кайра иштеткен, ташыга ж.б. адамдар”, - деп түшүндүрду Асрандиев.

Ошондой эле ал фонд 7-сентябрда Кайыңды кант заводуна негизги өндүрүш түйүнүн жаңылоого кошумча 1,5 млн доллар бөлгөн. Бул заводдун кубаттуулугун 30-35%га өстүрөт.

“Өткөн жылы биз өзүбүз кант менен 20% камсыздап, 80% ташып келген болсок, быйыл өзүбүздүн өндүрүм менен 100% камсыздай алабыз. Эки жылдан кийин кантты экспорттойбуз”, - деп жыйынтыктады Асрандиев.

Пикир

Оставить комментарий