• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кантип бай болом?

Дүр дүйнө 0

Наполеон Хилл, америкалык абдан бай 500 адамдан интервью алган. Ошолордун дээрлик бардыгы, «жеңилүүгө бир кадам калганда гана мыкты идеялар жаралат» - дешет. Наполеон Хилл «Ойлон жана байы» деген китебинде ийгиликке жетүүдө кантип ой жүгүртүү жана кантип көңүл чөгүүдөн кутулуу жөнүндө жазат. Анын бул чакан китепчеси Америкада 42 жолу басылып чыккан.

Байлыкка карай биринчи кадам: Каалоо

Сиз бүгүн кандай кийингенсиз жана канча акчаңыз бар экендиги маанилүү эмес. Анткени, ийгиликке Едвин Барнс сыяктуу умтулган гана адам жете алат.

Сиз ийгиликке канчалык жылсаңыз, ийгилик сизге ошончолук жакындайт. Абдан көп адамдар ийгиликке бир кадам калганда таштап коюшат. Эсиңизде болсун: ал кадамды сиз жасабасаңыз, башка бирөө жасайт жана ийгилик аныкы болуп калат.

Кичинекей болсун, чоң болсун, бардык ийгиликтердин ачкычы – ага канчалык катуу умтулганыңызда. Күчтүү чоң адам максаттуу жаш баладан жеңилип калат.

Буга чейинки максатыңызды өзгөртүңүз – бүгүн сизге ишке ашпас нерседей сезилген ойлоруңуз эртең чындыкка айланат.

Каалоого жана элестетүүгө болгон бардык нерселерди ишке ашырууга болот.

Качан гана каалоо аракетке айланганда кыялдар ишке ашат. Турмуштан көп нерсе сураңыз, турмуш сизге көптү берет.

Каалоо канчалык күчтүү болсо, артка кайтууга ошончолук жол калбайт: ийгилик сиздики болот.

Бул жазылган принциптер сиздин каалооңузду акчага айландырат.

Чыныгы каалоо чалдыбары чыккан имаратты дүйнөдөгү эң чоң универмагдардын бирине айландырган. Эң оболу, кырсык чалып, жол болбой баратса да жеңишке карай бет алуу керек.

Кулаксыз бала укту. «Эч мүмкүн эмес» дешкен аял улуу опера ырчысы болду. Дарыгерлер, «адам болбойт» деген адам тирүү калды. Биз үчүн адаттан тыш жана түшүнүксүз болгон «акыл-эс химиясына» алардын ээ боло алышкандыгы аларды ушул деңгээлге жеткирди.

Акыл-эс үчүн биз билгенден тышкары эч кандай тоскоолдук жок.

Экинчи кадам: Ишеним

Ийгилик үчүн ишеним зарыл. Акыл-эс алдына керектүү ойлорду чакыруу менен ишенимге жетип, аны бекемдөө керек.

Өзүңө-өзүң ишенүү үчүн дараметиңизде бар ички күчтөрдү жыйноо керек. Эгерде бүткүл оюңуз жеңишке карай багытталган болсо, «эми аткарылбайт», «бүттү» деген максаттар ошол эле жашоо-шартыңызда ийгиликке жетүүнүн себепчиси болуп каларын ошондо гана билесиз.

А. Линкольн жана М. Ганди сыяктуу адамдардын мисалы ою канчалык «магнетизмге» эгедер экендигин, миллиондогон духу жакын акылдары бир багытка бурууга кудуреттүүлүгүн далилдеди.

Өтө маанилүү дагы бир нерсе: бир нерсе алуу үчүн, бир нерсе берүү керек. Миллионерлер муну түшүнөрү менен пираттык бизнести коом менен бирге коом үчүн иштеген ишкердүүлүккө айландырышты. Ошентип, андай ишкердүүлүк азыркыга чейин кыйла пайдалуу.

Байлык да, жакырлык да - ишенимдин балдары.

Үчүнчү кадам: Өзүңдү өзүң ишендирүү

Акыл-эсиңиздин тереңде жаткан жактарын өзүңүзгө иштөөгө аргасыз кылыңыз– ошондо жакшы жыйынтыктарга жетишесиз. Акылга сезим менен жардамга келиңиз. Экөө бириксе кандай мыкты!

Ар бир эле адамда алты сезим бар, бирок акылды башкаруу үчүн беш эле сезим жетиштүү. Эгерде акылыңыз сизге баш ийсе, өсүүгө болгон умтулууңуз жакырдык үчүн орун калтырбайт.

Умтулган байлыгыңызды колуңузда кармап тургандай элестетиңиз – ал сизге күтүүсүз тараптан келет. Максатыңызды белгилеңиз (каалооңуз акча болсо) цифралар менен. Мейлиңиз, ал чоң сумма боло берсин. Мөөнөтүн да белгилөөнү унутпаңыз.

Акыл сизге план бердиби? Дароо ишке! Алма бышар кезди күтсөңүз – ач, ыңгайлуу кезди күтсөңүз – ийгиликтен куру каласыз.

Үч гана жөнөкөй көнүгүү сизди өзүңүзгө өзүңүздүн ишенүүңүзгө эгедер кылат. Инструкциядан жазбаңыз, ошондо сиз өз тагдырыңызга өзүңүз кожоюн болуп каласыз.

Ар бир кырсыктан жакшылык издеңиз.

Төртүнчү кадам: Атайын билим

Билим сиздин өзүңүз түзгөн өзүңүз тууралуу образыңыз. Адам өзүнө керектүү гана билимди алат. Жөнөкөй эле планды карманыңыз, ошондо нөлдөн баштабайсыз.

Билим бул потенциалдык күч гана. Сиз өз билимиңизди конкреттүү максатка багындырылган, так план чыккыдай кылып ирээттеңиз, уюштуруңуз.

Жеке тажрыйбаңыздан топтолгон же акылдуу адамдардан алган тажрыйбаларыңызды текке кетирбеңиз. Генри Форд бир кезде бай болуш үчүн кыйла эле «наадан» болгон.

Ушул бөлүмдө айтылган билимдин булактарын пайдаланыңыз. Билим алуу өтө жөнөкөй.

Эгер сиз кандайдыр бир товар сатууга мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, өзүңүздүн кызматыңызды же идеяңызды түзүгүрөөк баага сатыңыз. Бул алтымыштан ашкан адамдарга ылайыктуураак.

Эгер сиз кайсы жолду тандоону билсеңиз – билимиңиз сизге байлыкка алып барчу жол болуп берет.

Булагы: Саресеп

Пикир

Оставить комментарий