• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кантта 12 жашар Данилди уурдагандар эки айга камалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.04.19. /Кабар/. 12 жашар Данил Браиклинди уурдагандар СИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Чүй облустук прокуратурасынын кылмыш жана жарандык сот өндүрүшү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Тагаев билдирди.

Мындай чечимди Ысык-Ата районунун соту кабыл алган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайында эки ай кармалат.

Эске сала кетсек, 12 жашар Данил Браилкинди Кант шаарынан бүгүн уурдап кетишкен. Белгисиз бирөөлөр ак түстөгү "Хонда фит" үлгүсүндөгү унаа менен келип, баланы уурдап кетишкен. Ошол эле күнү кечинде уурдалган бала аман-эсен табылып, шектүүлөр кармалган.

Пикир

Оставить комментарий