• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кантта акча опузалаган РИИБ кзыматкери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.01.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Ысык-Ата району боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери 500 доллар опузалашып, акча алып жаткан учурунда кармалган. Бул тууралуу КР Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Белгиленгендей, ЭКККМКге билдирүү менен “П.И.” аттуу жаран кайрылып, РИИБ кызматкери маселени оң жагына чечүү үчүн акча талап кылганын билдирген.

16-январда ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө Кант шаарында 500 доллар алуу учурунда Ысык-Ата району боюнча РИИБ кызматкери “К.У.” кармалган.

Кармалган адам Бишкек ШИИБ убактылуу кармоочу жайына жеткирилген.

Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.

Пикир

Оставить комментарий