• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кантта күйөөсүнүн жоголуп кеткенин айткан аял анын өлүмүнө шектелүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 16.07.18. /Кабар/. Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмү (РИИБ) оор кылмыш фактысы боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Чүй облусунун шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 4-июлунда Ысык-Ата РИИБине 53 жаштагы С.Т аттуу Кант шаарынын тургуну кайрылып, 54 жаштагы М.Р. аттуу жолдошу 2018-жылдын 1-июлунда үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин айткан.

Издөө иш-чараларынын алкагында РИИБдин тергөө бөлүмү адамды урдоо беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. 11-июлда саат 17:00 чамасында ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө Аламүдүн районундагы Кайырма айылындагы мүрзөнүн арыгында көмүлгөн 55-60 жаштагы эркектин өлүгү табылган.

Ысык-Ата РИИБи аталган факт боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган киши өлтүрүү беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Көп өтпөй өлүк анын туугандары тарабынан таанылып, ал дайынсыз жоголуп кеткендиги айтылган 54 жаштагы М.Р. болуп чыккан.

Кылмышка шектүү катары 53 жаштагы С.Т. жана 38 жаштагы М.Э. кармалган. Ал эми негизги шектүү 39 жаштагы С.Н. Орусияга учуп кеткени аныкталып, издөө жарыяланган. Көп өтпөй КРнын ИИМнин Орусиядагы өкүлчүлүгү Орусиянын ИИМинин кызматкерлери менен биргеликте шектүүнү Москва шаарындагы аэропорттон кармашып, Кыргызстанга жиберишкен.

Шектүү “Манас” аэропортунан кармалып, Ысык-Ата РИИБинин тергөө кызматына жеткирилген. Учурда кылмышка шектелип кармалгандар убактылуу кармоочу жайда, иликтөө иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий