• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кантта кароосуз калган сарай өрттөнүп, аял киши көз жумган — ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Чүйдүн Кант шаарынын М.Күрөңкеев көчөсүндө кароосуз калган сарайдын 30 чарчы метр аянты күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, натыйжада сарайда белгисиз аял кишинин сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Өрттүн себеби такталууда.

Белгилей кетсек, бир сутканын ичинде республиканын аймагында 15 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 19 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Пикир

Оставить комментарий