• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кантта өрттөн бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 04.12.19. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутканын ичинде 7 өрт кырсыгы катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кант шаарындагы Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыгып, 20 чарчы метр аянт күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1974-жылы туулган К.А. аттуу адам каза болгон. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Кайыңды шаарчасындагы Түштүк көчөсүндө турак үйдүн чатыры күйгөн, кырсыктын себеби азырынча белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий