• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кантта турак үй менен сарай өрттөнүп кетип, үй ээси күйүк алды

Кырсык 0

Бишкек, 12.04.19. /Кабар/. Кант шаарында турак үй менен сарай өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттө барак тибиндеги турак үй жана сарай толугу менен күйүп кеткен. Анын жалпы аянты 200 чарчы метрди түзгөн.

Ал эми, 1953-жылы туулган А.А. аттуу үй ээси жеңил күйүк алган.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий