• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кантта убактылуу кармоочу жайдан качкан жаранга жардам көрсөткөн милиционерлер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.06.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Кантта убактылуу кармоочу жайдан качкан жаранга жардам көрсөткөн милиционерлер кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан райондук милициянын убактылуу кармоочу жайынан айыпталуучунун качуу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (шалаакылык) менен кылмыш иши козголду.

Белгиленгендей, 5-июнда саат 01:40 чамасында Ысык-Ата РИИБнин убактылуу кармоочу жайынын кызматкерлери Ж.Т.К. жана Д.Б.К. кызмат абалдарынан пайдаланып, адам уурдоо, эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу, каракчылык жана адам өлтүрүүгө аракеттенүү фактылары боюнча өзгөчө оор кылмыштар менен айыпталган С.К.Т.нын белгисиз тарапка качып кетүүсүнө көмөктөшкөн.

С.К.Т.га карата козголгон кылмыш иши Ысык-Ата райондук сотунун кароосунда болгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө милиционерлер Ж.Т.К. жана Д.Б.К. шектүү катары кармалып, камакка алынган.

Учурда иш боюнча тергөө амалдары улантылып, анын жүрүшүндө бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган зарыл тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий