• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кантта жол кырсыгынын кесепетинен тез жардам унаасы оодарылып калган

Кырсык 0


Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-январда саат 8:00-08:30дар чамасында Кант шаарынын борборунда «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа жана тез жардам унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Чүй ОИИББнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, тез жардам унаасынын жарык берүүчү жана үн коштоочу каражаттары иштеп турган, бирок жолдун кеслишинен жол тандабас бет маңдайынан чыгып, унаалар сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен тез жардам унаасынын айдоочусу жана фельдшери жабыркаган.

Учурда окуянын чоо-жайы такталууда. Унаалар айып аянтчасына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий